Биз менен байланышыңыз

Жакын арада жок болуп кетүү коркунучунда турган өлкөлөр аталды

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Ноя 2021 | 672 | 0

Глобалдык жылуулук мөңгүлөрдү өлчөмүнөн ашыкча эритип, деңиздин толуп-ташуусуна алып келет. Мындан улам аралдагы өлкөлөрдүн суу астында калып, жок болуп кетүү ыктымалы бар. Бул тууралуу «Экспресс» гезити жазды.

Дал ушундай жок болуп кетүү коркунучунда турган аймактардын катарында Кирибати, Тували жана Марншалл аралдары бар.

Кирибатитеги глобалдык-экологиялык бейөкмөт уюм Климаттык аракеттер тармагынын координатору Пелениза Алофа БУУнун Глазгодогу саммити арал мамлекет үчүн өтө маанилүү экенин айткан. Ал деңиздин ташуусу жана тропикалык бороон-чапкын аймактагы адамдардын өмүрүнө жана айыл чарбасына коркунуч туудурарын эске салган.

Басылманын маалыматына караганда, Кирибатинин мурдагы президенти Аноте Тонг дал ушул көйгөйлүү маселелерди Глазгодогу СОР-26 саммитинде айтып чыккан.

Окумуштуулар глобалдык жылуулуктун терс таасирин азайтуу үчүн Жердеги температуранын жогорулашына Цельсий боюнча бир жарым-эки градуска чейин чектөө зарылдыгын бир нече жолу белгилешкен. Буга байланыштуу 2015-жылы 190дон ашык мамлекет Париж келишимине кол койгон, анда бул максатка жетүү үчүн конкреттүү иш-аракеттер планы каралаган.

Copyright © 2017 Maral FM