Биз менен байланышыңыз

«Марста жашоого болобу?»: Perseverance аппараты алгачкы сүрөттү жөнөттү (Видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Фев 2021 | 1272 | 0

Америкалык Perseverance изилдөөчү аппараты 19-февралдын түнү Марс планетасындагы Езеро кратеринин аймагына конду. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, «Perseverance» аппараты автономдук тартипте иштеп, бир канча мүнөттөн кийин планетанын үстүңкү катмарынан тартылган ак-кара түстөгү сүрөттөрдү жибере баштаган. Бул космосту изилдөө жаатындагы маанилүү окуялардын бири болду.

-NASA жүргүзгөн иликтөө миссиясы менен «Марста жашоо барбы?»-деген суроого жооп изделип жатат. Perseverance аппараты жерге алып келген топурак эми ар тараптуу изилдөөгө алынат», — деп жазылат маалыматта.

 

Ал эми бул видеодон Кызыл планетага Perseverance аппаратынын зыянга учурабай жетип конгонун көргөн NASA кызматкерлери кубанып, бирин-бирин куттуктап жаткандыгын көрүүгө болот.

 

Copyright © 2017 Maral FM