Connect with us

Кыргызстан пандемия менен жакшы күрөшкөн өлкөлөрдүн катарына кирген жок

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Апр 2021 | 1771 | 0

Пандемия учурунда Сингапур дүйнөдөгү эң коопсуз өлкө деп табылды. Бул тууралуу The New Zealand Herald порталы жазып чыкты.

Мындай жыйынтык калкты коронавируска каршы эмдөөнүн жогорку көрсөткүчүнүн жана өлкөдө ооруга каршы натыйжалуу күрөшүүнүн натыйжасында жетишилди.

Сингапур өзүнүн улуттук компаниялары тарабынан чыгарылган коронавирустук вакциналардын жардамы менен Жаңы Зеландияны артта калтырды. Бүгүнкү күндө Сингапурдун калкынын дээрлик 20 пайызы COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөн.

Белгилей кетсек, 2020-жылы Блумберг Жаңы Зеландияны дүйнөдөгү эң коопсуз өлкө деп жарыялаган.

Рейтингде өлкөлөрдөгү коронавирусту жуктуруп алгандардын саны, өлүм көрсөткүчү, COVID-19га каршы эмдөө процесси эске алынган. Сингапур 79,7 упайга ээ болсо, Жаңы Зеландия 79,6 упайга ээ болду. Ошондой эле алдыңкы төрттүккө Австралия (76,2) жана Израиль (74,9) кирди.

53 мамлекеттин рейтингинде Аргентина, Польша жана Бразилия акыркы орунда. Кыргызстан тизмеге кирген жок. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 148 млн. 85,6 миллион адам ооруну жеңсе, 3,12 миллион бейтап көз жумган.

Copyright © 2017 Maral FM