Биз менен байланышыңыз

АКШда катуу бороондон 28 адам каза болду

Кыска кабар | 25 Дек 2022 | 802 | 0

Акыркы маалыматтарга караганда, аба-ырайынын бузулуп, ызгаардуу бороондон АКШнын ар кайсы штаттарында 28 адам казат тапты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттарына таянып эл аралык басылмалар жазышты.

Адам өлүмүнө чейин жеткен ызгаар Оклахома, Кентукки, Миссури, Теннесси, Висконсине, Канзас, Небраске, Огайо, Нью-Йорк, Колорадо жана Мичиган штаттарында катталган.

Америка жана Канаданы кучагына алган «Эллиотт» деп аталган бороон 21-декабрда башталган. АКШнын улуттук метеорологиялык борборунун маалыматына ылайык, мындай бороон муунда бир жолу катталат. Бороон Канадага жакын жайгашкан Улуу көлдөрдөн баштап Мексика менен чектешкен Рио-Гранде дарыясына чейин уланган.

АКШнын түндүк-чыгышындагы бир канча штатында 200 миңге жакын жаран электр энергиясыз калды.

Түндүк-чыгышты жана Нью-Йоркту тейлеген коммуналдык компаниялар жарандарды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды. Ал эми Техас штатында электр энергиясын көбүрөөк өндүрүү үчүн өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Абанын температурасы кескин төмөндөп кеткенинен, кар жаап, катуу шамал болгондуктан жана жолдордун тайгактыгынан жол кысрыктары өстү. Андан сырткары, 24-декабрда 8 миңге жакын авикаттамдар кармалып, 3 миңден ашууну токтотулган.

Ызгаардан улам Америкада газ өткөрүүчү түтүктөр жабыркап, өндүрүү 23-декабрда башка күндөргө салыштырмалуу 10%га төмөндөгөн. Бул газ өндүрүүнүн бир күн ичинде эң ири төмөндөшү экени айтылууда.

АКШнын улуттук метеоролигиялык борборунун маалыматына караганда, 25-декабрь бороон уланууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM