Биз менен байланышыңыз

Аргентина Мессинин банкнотторун чыгарууну пландап жатат

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 22 Дек 2022 | 1305 | 0

Аргентинанын улуттук банкы футбол боюнча курама команданын капитаны Лионель Мессинин сүрөтүн банкнотторго түшүрүү үчүн варианттарды карап жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Мындай жол менен алар Аргентинанын дүйнө чемпионатындагы жеңишин түбөлүккө калтырууну каалашат.

Мессинин сүрөтү 1000 песолук купюрага колдонулат деп болжолдонууда. Бул Мессинин оюндагы номери «10» саны менен байланыштуу. Ал эми арткы бетине Аргентинанын машыктыруучусу Лионель Скалонинин лакап аты «Ла Скалонета» деген жазууну коюу пландалууда.

Аргентина футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалында Франция курамасын 4:2 эсебинде утуп алган. Аргентина курама командасы үчүн дүйнөлүк чемпионаттагы бул жеңиш тарыхтагы үчүнчү жеңиш болду. Ага чейин аргентиналыктар 1978 жана 1986-жылдары кубоктун ээси болушкан.

Copyright © 2017 Maral FM