Биз менен байланышыңыз

Дүйнө жүзүндө 144 миллиондон ашык адам коронавируска кабылган

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Апр 2021 | 1067 | 0

23-апрелге карата коронавируска чалдыккандардын саны дүйнө жүзү боюнча жалпы 144 миллион 355 миң 540 адамга жетти. Анын ичинен 82 миллион 834 миң 550 бейтап айыгып чыкса, 3 миллион 68 миң 314 адам илдеттен каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 31 миллион 927 миң 52 болду. Анын 570 миң 312си каза болгону белгиленген.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 15 миллион 930 миң 965 адамдан аныкталды. 383 миң 502 адам каза болсо, 13 миллион 454 миң 880 бейтап айыкты. Соңку суткада Индияда коронавирус жуктуруп алуунун рекорддук учуру катталды. Тагыраагы, 22-апрелде бир сутка ичинде Индияда 314 миң 835 адам коронавирус менен катталды.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 14 миллион 167 миң 973 адам вируска кабылган. 383 миң 502 бейтап көз жумса, 12 миллион 529 миң 811 бейтап оорудан сакайды.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 93 миң 278 адам коронавирус менен катталган.

Copyright © 2017 Maral FM