Биз менен байланышыңыз

Окумуштуулар: 2050-жылы Жердин температурасы критикалык чекке жетет

Кыска кабар | 17 Янв 2021 | 1262 | 0

Түндүк Аризона университетинин, Вудвелл Климатты изилдөө борборунун (АКШ) жана Вайкато университетинин (Жаңы Зеландия) окумуштуулары Жер шарындагы өсүмдүктөрдүн жакынкы 20 жылда фотосинтездөө жөндөмүн жогото тургандыгын көрсөткөн изилдөө жүргүзүшкан. Изилдөө «Science Advance» журналына жарыяланган.

Изилдөөдө жаңы шарттарда биосферанын ашыкча көмүртекти сиңире албай кала тургандыгы айтылат. Мындай кесепеттер температуранын өзгөрүшүн шартташы мүмкүн.

Эксперттер дүйнө жүзүндөгү акыркы 20 жылдагы биосистемадагы бардык өлчөө каражаттарынын маалыматтарын изилдешти. Натыйжада, алар температуранын критикалык белгиге жеткенин, андан тышкары, өсүмдүктөрдүн көмүртекти сиңирүү жөндөмүнүн төмөндөй тургандыгын аныкташкан.

Фотосинтез процессинин нормалдуу турдө ишке ашысуу үчүн өзүнүн белгилүү температуралык чеги бар. Ал чектен кийин анын эффективдүүлүгү кескин төмөндөйт. Көп тараган өсүмдүктөр үчүн көмүртекти сиңирүү чеги + 18 °С, ал эми калгандары үчүн + 28 °С.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, мындай абанын температуралык чектен ашып кетүүсү Жердин температурасы критикалык чекке жеткенин көрсөтөт.

Азырынча, биосферанын 10% гана мындай өзгөрүүгө дуушар болгон, тактап айтканда кычкылтек чыгарганга караганда көбүрөөк көмүр кычкыл газын сиңирип алышат.

Изилдөөгө ылайык, жакынкы 20 жылда өсүмдүктөрдүн көмүртекти сиңирип алуу мүмкүнчүлүгү дээрлик эки эсе төмөндөйт.

Copyright © 2017 Maral FM