Биз менен байланышыңыз

НАСА Марска тик учак менен барууну мерчемдеп жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Апр 2021 | 1690 | 0

Улуттук Аэронавтика жана Космос Башкармалыгы (NASA) 11-апрелде Марска «Ingenuity» тик учагын кондурууну мерчемдеп жатат. Бул тууралуу «Интерфакс» маалымат агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, эгер аракет ишке ашса, Жерден Марска биринчи жолу тик учак конот. Алгачкы каттамдын тасмасын социалдык тармактарда жана агенттиктин сайтында ишке киргизилгенден бир нече сааттан кийин көрүүгө болот.

Тик учак «Perseverance» марсоходу менен 18-февралда Жезеро кратерине жеткирилген. Марсоходдо барган планетасын сүрөткө тарткан, айлана-чөйрөсү боюнча маалыматтарды чогулткан, жерден көзөмөлдөөчүлөр менен тынымсыз байланышууга мүмкүнчүлүк берген базалык станция жайгашат.

Азырынча авиаинженерлер бардык жагдайларды кылдат карап, дыкат иштеп жаткандыктан, учуу күнү башка убакка жылдырылышы мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM