Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Казакстанда жасалган тик учактарды сатып алат

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Окт 2019 | 1355 | 0

Казакстан Кыргызстанга 10 тик учак экспорттойт. Бул тууралуу «Казакстан инжиниринг» ачык коомунун төрагасы Куаныш Бишимов билдирди.

28-октябрда Нур-Султан шаарында Казакстанда чогултулган алгачкы тик учактын ачкычы Тажикстанга экспорттоо үчүн тапшырылды. Тик учакты «Еврокоптер Казакстан инжиниринг» казак-француз-немис биргелешкен ишканасы өндүргөн. Ал эми аны «Сомон Эйр» тажик авиакомпаниясы сатып алды.

Ишкана жетекчисинин айтымында, Тажикстанга дагы 5-10 тик учак жөнөтүлөрү күтүлүүдө. Ошондой эле, ал Кыргызстанга да экспорттоо башталганын, кыргыз тарап 10 тик учак алууга кызыкдар экендигин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM