Биз менен байланышыңыз

НАСА Рогозинди АКШга чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Окт 2018 | 886 | 0

Америкалык космикалык компания НАСА “Роскосмостун” башчысы Дмитрий Рогозинди өздөрүндө өтүүчү форумга чакырды. Бул тууралуу Риа Новости жазып чыкты.

НАСАнын башчысы Жим Брайденстайн уюштуруп жаткан жолугушуунун так күнү жана орду айтыла элек.

“Мен Рогозин менен бир топ маселелер боюнча сүйлөшөйүн дегем. Биз биргеликте келечекке коюлган пландардын үстүнөн катуу иштөөнү кааласак, анда бат-баттан жана тыгыз байланышта болуубуз керек”,-деп билдирди НАСА жетекчиси Брайденстайн.

Бирок “Роскосмос” тараптан бул тууралуу расмий документ келбегенин айтышууда.

Ал арада Америка тараптан Рогозинге карата киргизилген санкциялар коомчулукта кызуу талкууланууда. Анткени 2018-жылдын март айында Вашингтон орусиялык бир катар жогорку макамдагы чиновниктерге санкция киргизген. Арасында ошол кездеги РФнын премьер-министринин орун басары Рогозин да бар болчу. Аталган жарлыкка ылайык, санкцияланган адамдар АКШнын аймагына кирүүгө тыюу салынат. Бирок Рогозин санкциядан эки айдан соң кызматын алмаштырып, “орусиялык космостук компания “Роскосмоско” жетекчи болуп дайындалган.

Бул тууралуу НАСА жетекчилиги “Роскосмостун” президентине коюлган санкцияны өлкө бийлиги артка кайтарып, жокко чыгарганын билдиришүүдө.

Эске сала кетсек, ушул айда эки өлкөнүн катышуусу менен Байконурдан учурулган ракета аварияга учурап, бул бир топ маселелерди ортого чыгарган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM