Биз менен байланышыңыз

АКШдагы бороондон улам каза болгондордун саны 100гө жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Дек 2021 | 781 | 0

АКШнын Кентукки штатындагы бороондо каза тапкандардын саны 100 кишиге жетти.

Баарынан көп Грейвс округу жана анын административдик шаары Мейфилд жабыркаган. Бороон шам заводунун чатырын, юстиция сарайынын мунарасын жана анын жанындагы түрмөнүн имаратын талкалаган. Жергиликтүү бийлик Кентуккиде өзгөчө абал жарыялаганын айтты.

Губернатор Энди Бешир бул бороон штаттын тарыхындагы эң ири кырсык болгонун билдирди.

Ошондой эле Теннессиде үч киши, Арканзаста бир киши каза болгону белгилүү болду.

Буга чейин Иллинойс штатындагы торнадо Amazon интернет-ритейлеринин кампасын талкалап, кеминде эки адам каза болгон, имаратта 50дөн 100гө чейин адам болгон.

Эске салсак, Кентукки штатында эле 70ке жакын адам каза болгон. Азыр алардын саны 100гө жетти.

Белгилей кетсек, кырсык Иллинойс, Миссури, Арканзас, Кентукки жана Теннесси штаттарында орун алган.

Copyright © 2017 Maral FM