Биз менен байланышыңыз

«Кытайдан 100 өрт өчүрүү техникасын алууну пландалууда»

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Июн 2019 | 778 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кытайдан 100 өрт өчүрүү техникасын алууну мерчемдеп жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Нурболот Мирзахмедов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ӨКМге Орусиянын колдоосу менен да «Нива» алуу мерчемделүүдө.

«Биз өзүбүз да жылына өрт өчүрүү техникаларын алсак, базаны күчтөнтүп, өрт кырсыктарынын зыянын азайта алабыз. ӨКМдө 4 миң 900 кызматкер иштейт. Анын 70 %ы аскер кызматкерлери. Куткаруучулар, өрт өчүрүү бөлүмдөрү жетишсиз. Өрт өчүрүүдө да кемчиликтер бар. Аны моюнга алабыз», — дейт Мирзахмедов.

Маалыматка ылайык, министрликте тик учак жок. Бирок муктаждык болсо, Башкы штаб техникасын берет.

«Эл коркпосун, эгерде кырсык болуп кетсе, тик учак учурууга күчүбүз жетет. Биз тик учакты куткаруу иштерине гана колдоно алабыз, ал өрт өчүрүүгө жарабайт. Тоолордо уча турган тик учактын баасы 14 млн доллар. Аны биздин бюджет көтөрө албайт», — дейт министр.

Copyright © 2017 Maral FM