Биз менен байланышыңыз

Акрам Мадумаров Сузакта карантинге алынган айылга барды

Кыска кабар | 18 Мар 2020 | 900 | 0

Сузакта карантинге алынган айылга вице-премьер-министр Акрам Мадумаров, Өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов барды. Бул тууралуу Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Анда, пост коюлган аймактардагы абал боюнча маалымат берилди. Түшүндүрүү ишин жүргүзүүнү дагы да күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

Сауд Аравиясынан кичи ажылыктан кайтып келишкен 8 кишинин үчөөнөн коронавирус чыккан. Ошол сегиз киши менен чогуу учуп келген рейстеги адамдардын 51и Жалал- Абад облусунун тургундары болуп, алар обсервацияга алынган. Учурда жакын байланышта болгон 1122 адам такталып жатат.

Сузак районунун аймагында өзгөчө кырдаал киргизилип:

  1. Өзгөчө кырдаал учурунда жалпы коомдук көзөмөлдү, мамлекеттик жана стратегиялык маанилүү объектилерди жана жалпы коомдук транспортту көзөмөлгө алууну күчөтүлөт;
  2. Адамдардын көп чогулуусуна алып келген массалык иш-чаралар өткөрүлбөйт;
  3. Сузак районунун аймагынан транспорттун баардык түрү менен чыгууга чектөө киргизилет.

Copyright © 2017 Maral FM