Биз менен байланышыңыз

Сузакта үйдөн өрт чыгып, 27 жаштагы келин 3 баласы менен каза болду

Кыска кабар | 30 Апр 2021 | 1355 | 0

Бүгүн, 30-апрелде Сузак районуна караштуу Таш-Булак айыл аймагындагы эки кабаттуу үйдөн өрт чыгып, кырсыктан 4 адам каза болду. Тилсиз жоо бүгүн эртең мененки саат 08:30 чамасында катталган.

Каза болгондор 27 жаштагы келин менен кошо анын 1 жаштагы кызы жана 3-5 жаштагы 2 уулу экендиги аныкталды.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча эртең менен келиндин күйөөсү жана кайненеси конокко кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Жалал-Абад шаары боюнча өрт өчүрүү бөлүгүнөн 5 офицер, 45 куткаруучу, 4 өрт өчүрүүчү автоунаа, Сузак районунан 4 офицер, 4 өрт өчүрүүчү-куткаруучу, 1 өрт өчүрүүчү автоунаа, шаардык тез жардам кызматынан 2 фельдшер, 2 тез жардам автоунаасы, шаардык суу чарба башкармалыгынан 1 суу ташуучу автоунаа, шаардык жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарбасынан 1 суу ташуучу автоунаа, Сузак райондук ички иштер бөлүмүнөн 7 кызматкер тартылган.

Copyright © 2017 Maral FM