Биз менен байланышыңыз

Кант шаарында турак үйдү өрт жалмады

Кыска кабар | 6 мая 2020 | 605 | 0

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кант шаарында турак үй толугу менен күйүп, күлгө айланды. Бул кабарды Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалымат кызматы билдирди.

Кырсык кечээ, 5-майда саат 20:41 чамасында Кант шаарынын Бакинская көчөсүндөгү турак үйдө катталган.

Өрттүн кесепетинен 110 чарчы метр турак үй толугу менен өрттөнүп кеткен. Учурда өрттүн  келип чыгышынын себеби такталууда, — деп айтылат ӨКМдин маалыматында.

Курмандыктар, чыгымдар боюнча маалымат айтыла элек.

Copyright © 2017 Maral FM