Биз менен байланышыңыз

Өзгөчө кырдаалдар министрине эми сайттан эле суроо берсеңиз болот

Кыска кабар | 25 Ноя 2021 | 494 | 0

Бүгүн, 25-ноябрда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаңы www.mchs.gov.kg веб-сайтын ишке киргизди. Министрликтин сайты эми колдонуучуларга ыңгайлуу болуп калды.

Жаңы сайт ыкчам жана ишенимдүү маалымат берүү жана өзгөчө кырдаалдарга убагында чара көрүү максатында түзүлдү. Мындагы дагы бир өзгөчөлүк сайттагы онлайн кабылдама аркылуу министр менен түз байланышууга болот.

Эгерде сиз өзгөчө кырдаалга туш болсоңуз, же өмүрүңүз коркунучта болсо, анда тез арада оң бурчтагы «112 кызматына чалуу» баскычын басуу менен билдире аласыз.  Маалымат тез жардам кызматына өз убагында билдирилип, жардам көрсөтүү көзөмөлгө алынат.

Copyright © 2017 Maral FM