Биз менен байланышыңыз

Мурдагы саламаттыкты сактоо министри кармалды

Кыска кабар | 15 Сен 2020 | 1075 | 0

Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев шалаакылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн шектелип кармалды.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдиргендей, Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчи адамдары өздөрүнүн кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө келишим түзүшкөндүгү аныкталды.

Ал мамлекеттик бюджетке 9 миллион сомго жакын суммада зыян келтирген. 15-сентябрда Жазык кодексинин 320-беренесинде каралган кылмышка шектелип, мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кармалды.

Финпол буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги жоопкерчиликтүү кызматкерлерге карата шалаакылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча кылмыш ишин козгогон. Экс-министр июль айында суракка чакырылган.

Космосбек Чолпонбаев 2018-жылдын апрель айынан баштап, 2020-жылдын апрель айына чейин саламаттык сактоо министри болуп турган. Аны президент Сооронбай Жээнбеков коронавирустун алдын алууда жакшы даярданбаганын сынга алгандан кийин, арыз жазып кызматын тапшырган.

Чолпонбаевдин кызматтан кетүүсү Кыргызстанда коронавирус инфекциясы жайылып жаткан учурга дал келип, коомчулуктун сынына кабылган.

 

Copyright © 2017 Maral FM