Биз менен байланышыңыз

Баткен: Турак үйдөн чыккан өрттөн бир адам каза болду

Кыска кабар | 5 Окт 2020 | 636 | 0

Кадамжай районунун Айдаркен шаарчасындагы Масаев көчөсүнүн №7 дарегинде жайгашкан турак үйдөн чыккан өрттөн бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, турак үйдүн полунун 1,5 чарчы метр аянты күйүп, 1943-жылы туулган карыя кошо өрттөнүп кеткен.  

Маркумдун сөөгү Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. 

Copyright © 2017 Maral FM