Биз менен байланышыңыз

Чүйдө турак үй толугу менен өрттөндү

Кыска кабар | 11 Янв 2022 | 354 | 0

Ысык-Ата районунун Туюк айылында турак үй өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кырсык бүгүн, 11-январдын түнүндө болгон. Өрт чыкканы тууралуу маалымат ӨКМдин райондук бөлүмүнө түнкү саат 1:32де түшкөн.

Жерине министрликтин бир бөлүмү барып, өрттү 3:53тө өчүрүшкөн. Аянты 180 чарчы метр турак үй толук өрттөнүп кеткен.

Жабыркаган адамдар жок. Учурда өрттүн чыгуу себеби такталып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM