15-мартка карата өлкө боюнча 10 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Маалым болгондой, Бишкек шаарында — 4, Ысык-Көл облусунда — 2,Чүй, Нарын, Баткен, Жалал-Абад облустарында бирден өрт кырсыгы болгон.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 11 бөлүм тартылган.
Өтө чоң кыйроолор, адам өлүмү катталган эмес.