Биз менен байланышыңыз

Бишкекте чыккан өрттөн 1 киши каза болду

Кыска кабар | 19 Дек 2020 | 962 | 0

Бишкектеги өрт кырсыгынан эркек киши каза болду. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Өрт шаардын Ахунбаев менен Саякбай Каралаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан тиричилик техникалары боюнча кызмат көрсөткөн борбордон чыккан.

РИИБдин маалыматына ылайык, кырсыктан дүкөндүн 57 жаштагы кызматкери каза болгон. Ал «Таргет» дүкөнүнүн сатуучусу болуп иштегени айтылууда. Мындан тышкары, үч адам ооруканага жаткырылган.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылды. Өрт саат 11:27лер чамасында чектөөгө алынган. Коопсуздук иретинде Ахунбаев көчөсү убактылуу жабылып, унаалардын кыймылы токтотулган. Өрттүн чыгуу себеби такталууда.

Copyright © 2017 Maral FM