Биз менен байланышыңыз

Музыка чебери Эдил Муратов көз жумду

Кыска кабар | 23 мая 2021 | 807 | 0

Бүгүн, 23- майда кыргыз маданиятынын ардагер музыка чебери Эдил Муратов 84 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Муратов Эдил Жумаканович 1937-жылы 3 -апрелде Бишкек шаарында туулган.  Ал айтылуу манасчы Балыкооздун чөбөрөсү болгон.

Эдил Муратов 1963-жылы М.Күрөнкеев атындагы музыкалык окуу жайынын үйлөмө аспаптар бөлүмүн аяктаган. Алгачкы эмгек жолу Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде иштөө менен бьашталган.

Ал бүткүл өмүрүн Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин калыптанып өнүгүшүнө арнап, оркестрдин эң чебер музыканты катарында бир катар чет мамлекеттерде кыргыз искусствосун таанытууга катышкан. Аны менен катар, филармониянын, профсоюздук уюмунун төрагасы болуп иштеп келген. 1988-жылы ардактуу эс алууга чыккан.

Ал музыкант эле эмес, музыкалык аспаптарды мыкты жасаган уста да болгон. Өмүрлүк жары Кыргыз Республикасынын эл артисти Хадима Берикбаева менен чыгармачыл жолдо бирге эмгектенип, татыктуу уул-кыздарды туурунан учурган. Уулу Данияр Муратовго мыкты билим берип, таланттуу кызы Жамиля Муратованы ата-эненин жолун улап, маданият тармагына из калтырууга тарбиялаган.

Эдил Муратовдун эмгеги жогору байланып, Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин Ардак грамотасы жана «Эмгек ардагери» медалы менен сыйланган.

«Марал» радиосунун жамааты жакындарына жана үй — бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Copyright © 2017 Maral FM