Биз менен байланышыңыз

Коронавирус: Сузакта дагы 60 киши обсервацияга алынды

Кыска кабар | 21 Мар 2020 | 483 | 0

Жалал-Абаддын Сузак районунда абал олуттуу бойдон калууда, дагы 60 киши обсервацияга алынды.

Бул тууралуу Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов маалымат каражаттарына билдирди. Өкмөттүн өкүлү элди көчөгө чыкпай турууга чакырат.

Ырыс жана Атабеков айыл аймактарындагы адамдар Умрадан келген зыяратчылар менен байланышта болушкан, ошондуктан ал жакка  барбагыла. Сузакта абал олуттуу болуп бара жатат, — деди Нурболот Мирзахмедов.

Өкмөттүн өкүлү облус боюнча чектөөлөрдү киргизүү маселеси каралып жатканын белгилейт.

Ал ошондой эле, коронавируска шектелген Сузактын дагы 4 жарандын анализинин жыйынтыгы күтүлүп жатканын кошумчалайт. Анализдер республикалык лабораторияга жиберилген.

Буга чейин 18-мартта Сузакта 3 адамдан коронавирус аныкталган. Бүгүн, 21-мартта ушул эле райондо дагы 5 учур катталганы айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM