Биз менен байланышыңыз

Москвадан келген жарандарда вирус жуктургандар жок

Кыска кабар | 20 мая 2020 | 789 | 0

Бүгүнкү күндө, 17-майда Москвадан келген жарандардын арасынан вирус жуктургандар катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдири.

17-майда Кыргызстандын 378 жараны Орусиянын Москва шаарынан Бишкекке атайын чартердик учак менен алынып келинген.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1270 адамга жетти. Алардын ичинен 910 бейтап сакайып, 14 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM