Биз менен байланышыңыз

Түп: үй карантининин эрежелерин бузган жаран обсервацияга алынды

Кыска кабар | 19 мая 2020 | 546 | 0

1985- жылы туулган Түп районунун Талды-Суу айылынын тургуну үй карантининин эрежелерин бузгандыгы үчүн облустук бириккен ооруканасынын обсервациясына алынды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Аталган жаран COVID-19 илдети аныкталган чет мамлекеттен келген жүк ташуучу унаанын айдоочусу менен контактта болуп, 7-майда үй карантинине жиберилген, бирок 17-18- майда анын үй карантин эрежелерин бузгандыгы аныкталган.

Учурда облус боюнча 1803 адам үй шартындагы карантинде жана 141 адам обсервацияга жайгаштырылган.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1243 адамга жетти. Анын ичинен 898 бейтап сакайып, 14 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM