Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Оштогу төрөт үйүндө обсервациядагылар бошотууну талап кылышууда

Кыска кабар | 28 мая 2020 | 625 | 0

Ош шаардык төрөт үйүндө обсервацияда жаткан 50дөй бейтап ооруканадан бошотууну талап кылышып, башкы дарбазага келишип ызы-чуу салышты. Айрымдары качып кеткенге да үлгүргөнү айтылууда. Бул тууралуу t-media.kg маалымат булагы жазып, видеосун жарыялады.

Шаардык төрөт үйүндө 12-майда вирус аныкталып, имарат карантинге алынган. Кийинчерээк ал жерге обсервация ачылып, сырттан келгендерди кабыл алуу токтогон. Бейтаптардын айтымдарында, эки жолу ПЦР анализдери таза чыккан. Бирок дарыгерлер аларга үйлөрүнө кетүүгө уруксат бербей жатышат.

28-майга карата Кыргызстанда коронавирустун 74 учуру катталса, анын тең жарымы Ош шаарындагы төрөт үйүндө катталды. Алардын 15и дарыгерлер, 14ү жаңы төрөгөн энелер, ал эми бешөө ымыркай, бирөө жөн гана бейтап.

Copyright © 2017 Maral FM