Биз менен байланышыңыз

Муфтият обсервацияга жана күндүзгү стационар катары пайдаланууга 1415 орун берүүгө даяр

Кыска кабар | 8 Июл 2020 | 903 | 0

Муфтият өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу өзүнө тийиштүү делген 29 диний окуу жайды обсервацияга берүүгө даяр. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев өз кайрылуусунда билдирди.

Муфтий Токтомушевдин айтымында, ушул күнгө чейин 7 диний окуу жай жергиликтүү бийлик менен макулашып, обсервацияга берилген. Учурда премьер-министр Кубатбек Боронов,  Муфтият, Казыят жана Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши биргеликте, дагы республикадагы 29 диний окуу жайды 1415 орунду обсервацияга жана күндүзгү стационар катары пайдаланууга берүү маселесин карап чыккан.

Ошондой эле муфтий: «Биз эл менен биргебиз. Учурда өлкө боюнча 100дөн ашуун диний окуу жай, 3000ден ашуун мечит бар. Алла Таалам ооруну күчөтпөсүн, керек болуп калса буларды дагы карап көрүүгө даярбыз.  

Урматтуу агайын мусулман бир туугандар! Келиңиздер, тартипти жана санитирдык эрежелерди так сактайлы! Жөнү жок дүрбөлөңгө түшпөйлү. Бири-бирибизге жакшы сөз айтып, көңүлүбүздү көтөрөлү. Жакшы үмүт менен жашайлы. Бул сыноо дагы өтөт. Дайыма дуба кылып, КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан айтылган сактык чараларын көрөлү.

Жараткан Алла Таалам элибизге, жерибизге жана мамлекетибизге тынчтык, аманчылык берсин»-деп кошумчалаган.

Чубак ажы Жалилов: Мечитибизди обсерватория катары колдонууга берүүгө даярбыз

Copyright © 2017 Maral FM