Биз менен байланышыңыз

Умра сапарын уюштурууну муфтият жөнгө сала алабы?

Коом | 3 Ноя 2022 | 836 | 0

Муфтият кичи ажылык ибадатын уюштурууну баштаганын жарыялады. Буга чейин жеке туркомпаниялар уюштуруп келген зыяраттын чаржайыт болуп жатканы эл арасында айтылып келген. Эми муфтият Умра сапарын жөнгө сала алабы?

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 16-ноябрга чейин Умра сапарына барууну каалагандарга эшик ачты. Мекеме бул зыяратты коронавирус пандемиясынан кийин алгачкы жолу уюштуруп жатат. Муфтияттын бул чечими коомчулукта колдоо тапты.

Айрым дин таануучулар башкармалык кичи ажылыктын тизгинин өз колуна алып, илим-билимдүү, салттуу исламды карманган ажы башчыларын ылгап жөнөтүшү керектигин айтат. Ал эми кээ бирлери уюштуруу иштерин муфтиятка гана тапшыруу зыяраттын баасын бир гана муфтият чечип, көзөмөлдөнбөй каларын белгилешет.

Кыргыз Республикасынын дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндөгү мыйзамга ылайык, ажылык жана кичи ажылык сапарларын уюштуруу мусулмандар дин башкармалыгына жүктөлгөн.

Муфтият азыркы учурда умрага барууга талап жогору болуп жаткандыктан, муфтийдин буйругу менен уюштуруу иштери башталганын билдирди.

Мекеменин Ажылык, умра жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Абдылдаев, турфирмалар менен биргеликте иштешүү пландалып жатканын, буга чейин жеке фирмалар менен жолугушуу уюштуруп, умрачылардын бирдиктүү базасын түзүү планы сунушталганын айтты.

“Биз буга чейин фирмалар менен алгачкы жолу жыйын өткөрдүк. Ошол жерде бирдиктүү үч багытта иштешели деген сунуш бергенбиз. Биринчиси, атайын өзүбүздүн бирдиктүү базабыз болсун, кайсы компания канча киши жөнөтүп жатат. Экинчиси, ажы башчылары расмий дин кызматкерлеринен болсун. Үчүнчүсү, муфтиятка квартал сайын отчет тапшырып туруу жөнүндө сунуш берилген. Муну айрымдары колдоп, кээ бирлери кошулбайбыз деп чыгышты. Азырынча бул ишке ашпай турат”, — деди бөлүм башчы.

Абдылдаев Умра сапарын уюштурууну бир жолго салып алган соң ажы башчыларды окутуу, багыт берүү иштери жөнгө салуу караларын кошумчалады.

Дин таануучу Иманбек Азизилла уулу, учурда көп туристтик фирмалар кичи ажылыктын маанисин түшүнбөй, туристтик саякат катары карап калганын айтат. Ал бул маселени жөнгө салуу үчүн муфтият Умра сапарын өз көзөмөлүнө алышы керек деген пикирде.

“Эгер умра сапарларын муфтият уюштура турган болсо, илим-билимдүү, ыкластуу, адеп-ахлактуу, эң негизгиси төл акыйдабыздын жана ханафи мазхабынын өкүлдөрү гана умра башчы болуп бармак. Ошону менен ар кайсы агымдардын, мазхабсыздардын өкүлдөрү убакыттын өтүшү менен эленип калмак. «Көрбөгөндүн көргөнү курусун» дегендей, айрым жарандарыбыз салттуу эмес багыттардын өзгөчөлүктөрүнө арбалмак эмес. Башкача айтканда, бөлүнүп-жарылуунун алдын алмакпыз”, — дейт дин таануучу.

Бирок туристтик компаниялар кичи ажылыкты уюштуруу Муфтиятка өтүшү менен чыныгы баа көзөмөлдөнбөй калышына жол ачарын айтышат. Атаандаштык жок болгон жерде баа дайыма өз наркынан жогору болушу мүмкүн дейт серепчилер.

Бир канча жылдан бери Умра сапарын уюштуруп келе жаткан “Ziyarat Kg” туристтик компаниясынын жетекчиси Алтын Керимбеков ушул ойго кошулат.

“Умра сапарын муфтият буга чейин уюштурган. Эми пандемиядан кийин биринчи жолу уюштуруп атат. Ажылык сапарын толугу менен өзү уюштурат. Мунун эч нерсеси жок, мейли муфтият уюштурсун, мейли фирмалар уюштурсун. Канчалык көп фирма бул заяратты уюштурса, ошончолук сапат жогорулайт. Баасы өз наркынан ашпай көзөмөлдөнүп турат. А эгер толук муфтият өзүнө ала турган болсо, анда бир баа бычылып, атааңдаштык болбой калат”, — дейт Керимбеков.

Диний ишмер Жамал Фронтбек кызы муфтяттын Умра сапарын уюштуруу иштери эң жогорку сапатта болушу керек деген пикирин билдирди. Бирок ошол эле учурда турфирмалардан тизгинди тартып алуу да туура эмес кадам болорун айтат.

“Бул уюштуруп жатканы жакшы, муну 30 жыл мурун эле кылышы керек болчу. Башкача айтканда, Кыргызстанда эң алдыңкы уюштуруучу болушу керек эле. Эми турфирмалар көп болгон сайын баасы да түшүп атат. Бул ачык атааңдаштык да, жакшы нерсе. Менин оюмча, бул укукту бир гана муфтиятка берип койбошубуз керек, башка фирмалар дагы атааңдаштык кылып турушу керек. Бирок дин жагынан алганда, ошол турфирмалардын ажы башчыларын муфтият окутуп, балким атайын сертификатын бериши керек”, — деди Фронтбек кызы.

Азыркы учурда Кыргызтанда Умра сапарын уюштуруп келген 30дан ашык туристтик компания бар. Зыяратка барып келген айрым кыргызстандыктар кээ бир туристтик фирмалардын тейлөө сапаты начар экенин айтышат. Ага сапарда диний эрежелер сакталбаганын, ажы башчылардын катачылыктарын жүйө келтирет.

Муфтият азырынча туристтик компаниялардын ишмердүүлүгүнө кийлигишүүгө же талапка ылайык келбегенин жаап коюуга укугу жок.

Аалымдар кеңешинин мүчөсү Марс Ибраев дин башкармалыгы бул көрүнүштү колго алып, ажы башчыларга багыт бере турган иш-аракеттерди жасашы керек деген ойдо.

“Кайсы бир деңгээлде бул ибадаттын өзүнүн эрежесинде, биздин салтуу Ханафий жана Матрудий акыйдасынын негизинде алып жүрүлүшү талапка ылайык болот. Ошондуктан. муфтиятыбыз бүгүнкү күнү умра ибадаты менен иш алып барып жаткан инсандардын ишин көзөмөлдөө, же анализдеп, аларга бир багыт берүү, окутуу иштерин колго алса жакшы болмок”

Аалым азыркы учурда көп фирмалардын шалаакы аракеттеринен улам зыяратчылар талаптагыдай ибадат кыла албай калып жатканын кошумчалады.

Ислам дининдеги беш парздын бири болгон ажылык сапарына даярдык катары мусулмандар Умрага барат. Бул динде сооптуу (нафил) деген ибадаттардын бири.

Мекке жана Мединаны жыл сайын 30 миңдей кыргызстандык умрачы зыярат кылат. Алардын көпчүлүгү декабрь-январь айларына туш келет.

Copyright © 2017 Maral FM