Биз менен байланышыңыз

Нуридин ажы Мамасабиров Баткендин казысы болду

Кыска кабар | 21 Авг 2021 | 1028 | 0

Нуридин ажы Мамасабиров Баткен облусунун мусулмандарынын казысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Муфтияттан билдирди.

Баткен облусунун мусулмандарынын казысы болуп Нуридин ажы Мамасабиров дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев кол койду.

Нуридин ажы Мамасабиров 1983-жылы 13-январда Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Кыштут айылында дин кызматкерлеринин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

Кыргызстан Ислам Университетинин арап тили жана шарият адистигин аяктаган.

Ошондой эле БатМУ “Социалдык экономикалык билим берүү багытында билим алган.

2005-2006-жылдары КИУда жалпы бөлүм башчысынын орун басары жана хадис мугалими,

2006-2012-жылдары Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Пригородное айылындагы Азирети Сулайман мечитинин имам хатиби,

2012-2017-жылдары Баткен районунун баш имам хатиби,

2017-2021-жылдары Баткен облусунун мусулмандар казысынын орун басары,

2021-жылдын 26-июнунан тарта Кыргызстан мусулмандарынын VII курултайынын чечими менен Аалымдар кеңешинин мүчөсү болгон.

Араб, Түрк, Орус, Өзбек тилдеринде эркин сүйлөт.

Үй-бүлөлүү, эки уул, эки кыздын атасы.

Copyright © 2017 Maral FM