Биз менен байланышыңыз

Mуфтияттын башкы бухгалтери үй камагына чыкты

Кыска кабар | 17 Мар 2021 | 690 | 0

11-мартта Бишкек шаардык соту Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башкы эсепчиси Жеңишбай Бекиевдин баш коргоо чарасын өзгөрттү. Бул тууралуу «АКИpress» агенттиги жазды.

Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, ал сотко чейинки процесстин алкагында үй камагында болот.

Бекиев 9-февралда мыйзамсыз каржылык операцияларды жүргүзгөнүн жашыруу үчүн УКМКнын кызматкерлерине 100 миң доллар өлчөмүндө пара берди деген шек менен кармалган.

12-февралда Биринчи май райондук сотунун чечими менен Бекиев 10-апрелге чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камалган.

Copyright © 2017 Maral FM