Биз менен байланышыңыз

Муфтият: Эмдөө орозону бузбайт

Кыска кабар | 26 Апр 2021 | 801 | 0

Вакцина алуу орозону бузбайт. Бул тууралуу муфтияттын өкүлү Бактияр Токтогазы уулу европалык эмдөө жумалыгына арналган маалымат жыйында билдирди.

Рамазан айында вакцинага уруксат берилери же берилбеси тууралуу меселеге токтолгон Бактияр Токтогазы уулу вакцина маселесине жарандар кайдыгер карабастан ден соолугуна маани бериши керектигин белгиледи.

“Буга чейин Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина келген. “Рамазан айында вакцина алса болобу?” деген сууроолор түшкөн. Вакцина орозого эч таасир этпейт. Эгерде кимде-ким бул айда коронавируска каршы эмдөөдөн өтөм десе, эч маселе жаралбайт. Коркпостон вакцина алыңыздар, себеби ден соолук ар бир жаранга маанилүү”, — дейт ал.

Өзү азырынча эмдөө ала электигин, бирок пландап жатканын кошумчалады.

Муфтияттын өкүлү айткандай, Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын Орусиядагы кесиптештери “Спутник V” вакцинасына изилдөө жүргүзүп, эч кандай карама-каршылык жок экендигин билдиришкен.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда бүгүн, 26-апрелде “Вакциналар бизди жакындатат” урааны астында европалык эмдөө жумалыгы башталды.

Copyright © 2017 Maral FM