Биз менен байланышыңыз

Муфтият орозо айттын качан болорун айтты

Кыска кабар | 7 мая 2021 | 3127 | 0

13-май Орозо Айт майрамы. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин чечиминин негизинде Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы ушул жылдын 13-май, бейшемби күнүн Орозо Айт майрамы деп белгиледи.

Ошондой эле Муфтият жогорудагы көрсөтүлгөн күн Айдын чыгуусуна карап бир күнгө айырмалануусу мүмкүн экендигин эскертти.

Ислам шариатында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу жаңы чыккан Айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Рамазан айы кээде 30 же 29 күн болот.

Copyright © 2017 Maral FM