Биз менен байланышыңыз

Самидин Атабаев Бишкектин казысы болду

Кыска кабар | 29 Июн 2021 | 1204 | 0

Самидин кары Атабаев Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Замир кары Ракиев кол койду. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Азирети муфтий Бишкек шаардык казыятынын эмгек жамааты менен жолугуп, казыяттын иши жоопкерчиликтүү экенин белгилеп, жаңы дайындалган Бишкектин казысына ийгилик каалады.

Атабаев Самидин Абдураимович 1973-жылдын 27-декабрында Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Комсомол айылында төрөлгөн.

Диний жогорку билимге ээ.

1991-1995-жылдарда Бишкектеги Азрети Умар атындагы Кыргызстан Ислам институтун бүтүргөн.

2002-2006-жылдары Орусия Ислам университетин ийгиликтүү аяктаган.

Светтик жогорку билимге ээ.

2016-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтун юрист адистигинде аяктаган. 1995-1996-жылдары аскерде кызмат өтөгөн.

Эмгек жолун 2006-жылы Өзгөн районундагы «Абдираим кары» медресесинде окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштөө менен баштаган.

2008-2010-жылдары Өзгөн районундагы «Имам Аль-Бухарий» Ислам институтунун окуу иштери боюнча проректору;

2010-2015-жылдары Өзгөн районунун баш имам хатиби болгон.

2015-жылдын 28-августунда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын түзүмүндөгү бош ваканттык орундарга конкурс өткөрүү боюнча комиссиянын чечиминин негизинде Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин №265 буйругу менен Ош облусунун казысы болуп дайындалган.

Жетишкендиктери:

1999-жылы Москва шаарында өткөн Куран жарышында III орунду;

2002-жылы Татарстанда өткөн Куран жарышында I орунду;

2003-жылы Москва шаарында өткөн Куран конкурсунда I орунду алган.

Сыйлыктары:

2015-жылы «Ош шамы» гезити тарабынан «Жылдын мыкты жетекчиси» номинациясы менен сыйланган.

2017-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Мындан башка дагы бир нече Ардак грамоталардын жана Ыраазычылык баракчалардын ээси.

Самидин кары Атабаев спорттун волейбол түрүнө кызыгат. 2003-жылы өткөн волейбол боюнча турнирде командасы менен I орунду алган.

Диний жогорку билимге ээ. Орус, түрк, өзбек, араб тилдеринде эркин сүйлөйт.

Үй-бүлөлүү, эки уул, үч кыздын атасы.

Copyright © 2017 Maral FM