Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Кыргызстан мусулмандарынын курултайы өтөт

Кыска кабар | 26 Июн 2021 | 373 | 0

Бүгүн, 26-июнда Кыргызстан Мусулмандарынын Курултайы өтөт. Бул тууралуу муфтият билдирди.

Буга чейин курултай шаардагы эпидемиологиялык абалга байланыштуу жылдырылган. Тактап айтканда, 27-майда Аалымдар Кеңеши протоколдук жыйын өткөрүп, курултайдын күнүн жылдыруу, каттоо жана аттестациялоо комиссиясынын курамын өзгөртүү чечимин кабыл алышкан.

Муфтийликке талапкерлер:

-Нурбек Токтогулов;

-Султанали Гапуров;

-Шүкүр Исмаилов;

-Нематилла Жээнбеков;

-Ниязали Арипов;

-Убайдулла Сарыбаев;

-Шакир Маматов;

-Сайдамир Джейналиев;

-Замир Ракиев.

Быйыл 10-февралда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Максатбек ажы Токтомушев УКМК тарабынан Муфтияттагы каржылык маселелер боюнча айыпталып камалган. 12-февралда үй камагына чыгарылган.

Copyright © 2017 Maral FM