Биз менен байланышыңыз

Муфтий президенттин Баткен облусундагы өкүлү менен жолугушту

Кыска кабар | 11 Авг 2021 | 637 | 0

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев «Ыйман кербени» аттуу иш сапары менен Баткен облусуна келип, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкерим Алимбаев менен жолугушту. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Эки тараптуу жолугушууда Азирети Муфтий Баткен жергесине жасаган иш сапарынын максатын айтып, жер-жерлердеги, аймактардагы жергиликтүү тургундарга ислам дининин асыл баалуулуктарын жеткирүү керектигин айтып өттү.

Ал эми президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү облустук казыят менен тыгыз иш алып барып, учурда чек арадан жабыркаган жарандардын турак жайын калыбына келтирүү боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM