Биз менен байланышыңыз

Муфтий Максат айылында элге ынтымак тилеп курмандык чалды  

Кыска кабар | 12 Авг 2021 | 474 | 0

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Лейлек районунун Максат айылына барып, жергиликтүү жашоочулар менен жолугушту.

Жолугушууда Азирети Муфтий  мекендештерибизди ынтымакка, сабырдуулукка чакырды.

Ошондой эле Азирети Муфтий Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын атынан бодо мал курмандыкка чалып, Алла Тааладан тынчтык, биримдик жана эл ортосундагы ынтымакты тилеп, бата кылды. 

Эл менен болгон жолугушууга Аалымдар Кеңешинин төрагасы Көчкөнбай ажы Садиллаев, Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев, Баткен облустук мусулмандар казыятынын кызматкерлери катышты.

Copyright © 2017 Maral FM