Биз менен байланышыңыз

Солах Абул Хаж: Кыргыз эли меймандос жана илимди талап кылган эл экен

Кыска кабар | 22 Сен 2021 | 720 | 0

Бүгүн, 22-сентябрда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Иорданиянын Ислам аалымдары эл аралык университетинин ханафи, фыкх факультетинин деканы, доктор Солах Абул Хажды кабыл алды.

Эки тараптуу жолугушууда диний окуу жайлар менен кызматташуу, Ханафий мазхабы, Мадурудий акыйдасы боюнча атайын сабактарды уюштуруу жана туура диний баалуулуктарды коомчулукка жеткирүү жаатында биргелешип иш алып баруу маселеси сүйлөшүлдү.

Азирети Муфтий Замир кары Ракиев доктор Солах Абул Хажды Кыргызстанга келип, өзүнүн мол тажрыйбасы менен бөлүшкөнүнө ыраазычылык айтып, Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы эки өлкөнүн достугун бекемдөө менен билим берүү жаатында кызматташууга даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде Солах Абул Хаж аз убакытта Кыргызстандагы диний окуу жайларды зыярат кылып, студенттер жана карапайым калк менен жолугушуп, кыргыз эли абдан меймандос жана илимди талап кылган эл экендигин белгиледи.

Кошумчалай кетсек, Иорданиянын Калк аралык ислам аалымдары университетинин «Ханафи, фыкх» факультетинин деканы доктор Салах Абул Ал-Хажд «Марал» радиосуна келип маек берген.

Copyright © 2017 Maral FM