Биз менен байланышыңыз

Муфтий: Өзгөчө абал учурунда таравих намазы үйдө окулат (видео)

Кыска кабар | 15 Апр 2020 | 1107 | 0

Өлкөдө өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылганына байланыштуу ыйык Рамазан айындагы таравих намазы үйдөн окулат. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев бүгүн жасаган видео кайрылуусунда айтты.

Муфтий кайрылуусунда элди сабырдуулука, тартиптүүлүкө чакырып, карантин эрежелерин бузбоо үчүн намазды үйдөн окуп, орозону үйдө кармоо керектигин эскертти.

Мындан сырткары, абал турукташканга чейин ооз ачар убактысында ифтарды үйдөн кылуу керектигин айтты.

Copyright © 2017 Maral FM