Биз менен байланышыңыз

Экс-муфтий Максатбек ажы Токтомушев элге кайрылуу жасады

Кыска кабар | 15 Фев 2021 | 860 | 0

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын мурдагы башчысы Максатбек ажы Токтомушев видео кайрылуу жасады. Анын видеосун Рустам Калматов Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Максатбек ажы Токтомушев өз кайрылуусунда: «Түркияга, чет жакка качып кетип калыптыр», — деп жатышат. Мен балдарым менен Бишкектемин. Албетте, чалгандардын баарына жооп бере албайм. Келгиле, ынтымакка келели», — деген.

Ошондой эле ал алдыда баары жакшы болорун, териштирүү жүрөрүн кошумчалаган.

«Мамлекетибиз ар кандай оор күндөрдү башынан өткөрүп жатат. Жакында эле президенттин инаугурациясы болуп, падышалуу болдук. Бүткүл дүйнө карап турат, ар кимибиз мамлекетти ар жакка тарта бере турган болсок, эгемендиктен айрылып калбайлы. Андай кылбай, бир башка баш ийип, президент айткан саясатты колдойлу. Баары жакшы болот. Териштирүү жүрөт. Бири-бирибизге дос бололу, дос боло албасак, душман болбойлучу», — дейт Токтомушев.

Белгилей кетсек, 10-февралда экс-муфтий УКМК кызматкерлери тарабынан каржылык маселелер боюнча айыпталып кармалган.

12-февралда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда экс-муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин баш коргоо чарасын карап, тергөө иштери аяктаганга чейин үй камагына чыгарылган.

Copyright © 2017 Maral FM