Биз менен байланышыңыз

Баткенде Кыргызстан менен Өзбекстандын муфтийлери жолугушту

Кыска кабар | 26 Июн 2020 | 719 | 0

Баткен облусунун Кадамжай районунда 25-июнда мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун жана Кыргызстан менен Өзбекстандын диний уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда семинар болуп өттү.

Муфтияттын маалыматына ылайык, катышуучулар коомдогу стабилдүүлүктү жана коңшу элдер аралык ынтымакты бекемдөөгө чакырган актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Иш-чарага Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Зайырбек Эргешов, Өзбекстандын Дин иштери боюнча комитетинин башчысы Абдугофур Ахмедов жана Өзбекстандын муфтийи Усмонхан Алимов катышты.

Copyright © 2017 Maral FM