Биз менен байланышыңыз

Дүйнөлүк дин өкүлдөрүнүн саммитине Кыргызстандын муфтийи катышты

Кыска кабар | 15 Ноя 2019 | 724 | 0

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев бүткүл дүйнөлүк дин өкүлдөрүнүн саммитине катышты. Дин өкүлдөрүнүн башын бириктирген саммит кечээ, 14-ноябрда Азербайджандын Баку шаарында өттү. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Иш-чаранын жүрүшүндө диндер аралык кызматташтыкты мындан дагы жандантып, терроризм жана эсктремизмге каршы күрөшүү, аялдардын жана балдардын укугун коргоо боюнча маселелер каралып, саммиттин жыйынтыгында атайын декларация кабыл алынды.

Дин өкүлдөрүнүн экинчи саммити Азербайжан мамлекетинин президенти Илхам Алиевдин демилгеси менен уюшулган. Иш чарага дүйнөнүн 70тен ашуун мамлекетинин муфтийлери, дин кызматкерлери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жалпы 500гө чукул коноктор чакырылган.

Copyright © 2017 Maral FM