Биз менен байланышыңыз

Муфтий Меккеде ажылыктын жүрүшүнөн кабар алды

Кыска кабар | 4 Авг 2019 | 654 | 0

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев ыйык Мекке шаарындагы ажылыкты уюштуруу штабынын мүчөлөрү менен жолугушуп, ажылыктын жүрүшү менен жеринде таанышты.

Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Штаб кызматкерлери менен болгон жолугушууда муфтий ажылар үчүн кызмат кылуу соопту, жоопкерчиликтүү иш экендигин айтып, быйылкы жылдагы ажылык ишинде Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министрлиги койгон талаптардын бардыгы аткарылууга тийиш экендигин билдирди. Муну менен катар муфтий штаб өкүлдөрүн ажылыкты жогорку деңгээлде уюштуруу керектигин айтып, ажыларга коопсуздук, санитардык, Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүнө көчүү эрежелерин, тартиптерин жакшылап түшүндүрүү керектигин билдирди.

Токтомушев ошондой эле ажылардын коопсуздугуна көңүл буруп, аларга жолдо жүрүү эрежелерин, Мина өрөөнүндө өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча атайын түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүү керектигин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM