Биз менен байланышыңыз

Быйылкы ажылыктын тагдыры кандай болот?

Коом , Кыска кабар | 18 Июн 2020 | 2161 | 0

Сауд Араб Падышачылыгы Кыргызстандын ажылыкты уюштуруу ишине «эң жакшы» деген баасын берип, 2020-жылдагы ажылык сапарына 6110 квота бөлгөн. Ажылыкка баруу үчүн баа ар бир адамга 3350 доллар деп аныкталып, баруу үчүн 2019-жылдын 16-декабрынан 30-декабрь саат 17:00го чейин 7525 жаран РСК банкына акча каражатын төлөгөн. Кыргызстандык ажыларды Мекке жана Мединага «Flynas» авиакомпаниясы ташый тургандыгы жана ажылык сапарына кийүүчү кийимдерди даярдоочу компания да аныкталган эле. Бирок даярдануу иштери ажы башчылыкка каттоо ишине келгенде өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялангандыгына байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Учурда быйылкы ажылыктын уюштурулуп-уюштурулбашы арсар бойдон турат. 

Кыргызстан жарандарын ажылык сапарга жибереби?

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы 2020-жылдагы ажылык сапарына жарандарды жиберүү боюнча Сауд Араб Падышачылыгынын уруксатын күтүүдө. Муфтияттан билдиришкендей, бир жума аралыгында Арабиядан жооп келет жана бул бүткүл дүйнөдөгү абалга жараша чечилмекчи. Андан соң, Кыргызстандагы Ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабдын жыйыны болуп, анын негизинде чечим чыгарылат. Ажылык сапарга баруу үчүн жүрүп жаткан даярдыктар убактылуу токтотулган жана төлөнгөн акча каражаттарынын баары электрондук түрдө РСК банкына төлөнгөндүктөн, аларды кайтарып алууда эч кандай маселе жаралбайт.

Ажылык сапарга барбай калса, шариатта эмне болот?

Мусулмандардын беш парзынын бири — ажылык сапарга баруу. Эгер адамдын ден соолугу, шарты жол берсе, ыйык милдетти сөзсүз аткаруу абзел экендиги Куранда жазылган. Байлыгы бир канча өлчөмгө жеткенден кийин ар бир мусулман адамдын мойнуна парз болуп жүктөлөт. Байлыгы жеткен болсо, сөзсүз түрдө барыш керек деген шариятта өкүм бар. Эгерде мамлекет кандайдыр бир себеп менен өлкөдөн чыгарбаса жана Сауд Арабия өлкөсү кандайдыр бир себеп менен зыяратчыларды кабыл албаса, анда ажылык сапарга барбай калса эч нерсе болбой тургандыгын теолог Нурлан Субанов айтты.

Анын айтымында, быйыл барбай калса кийинки жылы же башка жылдары барса болот. Бирөөлөргө жакшылык кылуу, зекетин берүү өзүнун жолу менен кете берет, ажылык деген өзүнчө ажылык бойдон кала берет.

Ажылыкка быйыл бара албаса, өмүр берсе, кийинки жылы бара берет. Жашоосунда бир жолу барып, ажылык ибадатты аткарыш керек. Адамга ажылыкка баруу парзы буйруп калган болсо, анын ордуна аткаруучу ажылык бар. Аны балдары же неберелери деле аткарып койсо болот, —  деди Субанов.

Ошондой эле, Нурлан Субанов ажылыкка барбай калгандарды сабырдуу болууга чакырды.

Ажылык боюнча башка мусулман өлкөлөрүндө абал кандай?

6 мамлекет быйыл өз жарандарын ажылыкка жибербей турганын жарыялады. Дүйнөдөгү мусулмандар эң көп жашаган Индонезия өлкөсү, Малайзия, Сингапур, Таиланд, Камбоджа жана Бруней мамлекеттеринин бийлиги быйыл жарандарын ажылыкка жибербөө чечимин кабыл алды. Быйыл Индонезия үчүн 220 миң, Малайзияга 36 миң, Брунейге миң квота берилген болчу.

Ал эми Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен бир гана Өзбекстан пандемия аяктаганга чейин 2020-жылдагы ажылык сапарга баруудан баш тартты. Тажикстандын Уламалар Кеңеши болсо, коронавирустан улам ажылык сапарга бара албай калган зыяратчыларга чогулткан акчаларын жакшы иштерге жана мекенинин гүлдөп-өнүгүшүнө сарптоого чакырган. Өткөн жылы Тажикстандын 5 миң 560 жараны ажылык сапарга барган.

Сауд Арабиясы ажылык сапар боюнча эмне дейт?

Апрелдин аягында Сауд Арабиясы ажылык сапарга келүүчүлөргө виза берүүнү убактылуу токтотуп, 2020-жылкы ажылык сапарына даярдыктарды токтоткон.

Учурда Саудия бийлиги быйылкы ажылыкты токтотуу маселесин карап жатканы айтылууда. Дүйнөлүк пандемия болбогондо мусулмандардын ажылык зыяраты быйыл 28-июндан 2-августка чейин аткарылмак. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, Курман айт август айынын башында өтөт. Ошентип, Сауд Арабиясы ажылык сапарга уруксат берсе, ажылардын биринчи тобу июлдун ортосунда Сауд Арабияга учушу керек болот. Жыл сайын ажылык сапарга дүйнө жүзү боюнча 2,5 миллиондон ашык мусулман Сауд Арабиясына барат.

Copyright © 2017 Maral FM