Биз менен байланышыңыз

Арабиянын Ажылык министри Кыргызстандын муфтийин сыйлады

Кыска кабар | 6 Авг 2019 | 652 | 0

Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев бүгүн Сауд Араб Падышачылыгынын Мекке шаарында «Ажылыктын улуу симпозиуму» аттуу илимий конференцияга катышты. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Максатбек Ажы Токтомушев конференцияда «Исламдагы толеранттуулуктун жол жоболору» темасында доклад окуду.

Сауд Араб Падышачылыгынын Ажылык жана умра министрлиги муфтий Максатбек Ажы Токтомушевди Кыргызстандагы ажылыкты уюштуруу жана Ислам дининин асыл баалуулуктарын коомчулукка жеткирүүдө кошкон салымын жогору баалап, атайын белек менен сыйлады.

Copyright © 2017 Maral FM