Биз менен байланышыңыз

Арменияда өзгөчө абал режими бешинчи ирет узартылды

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Авг 2020 | 671 | 0

Армениянын өкмөтү коронавируска байланыштуу марттан бери иштеп жаткан өзгөчө абал режимин дагы бир айга узартмай болду. Бул чечим өкмөт жыйынында кабыл алынды.

Өлкөнүн премьер-министри Никол Пашинян «өзгөчө абал 11-сентябрда толугу менен алынат» деп үмүт артып турганын айтып, элди санитардык эрежелерди так сактоого чакырды.

Ошол эле учурда өкмөт эпидемияга байланыштуу март айында киргизилген айрым чектөөлөрдү жумшартты. Ага ылайык өлкөдө 40 кишиге чейин катышкан чогулуштарды өткөрүүгө жол ачылат. Мындан ары чет өлкөлүк жарандар коронавируска тапшырган тесттин жыйынтыгын көрсөтүү менен Арменияга эркин кире алышат.

Соңку маалыматтарга караганда, Арменияда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери 41 миңдей адам коронавирус жузугуп алган, алардын 800дөн ашыгы көз жумган.

Copyright © 2017 Maral FM