Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда 1-апрелден тарта карантиндик чектөөлөр күчөтүлөт

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Мар 2021 | 817 | 0

Өзбекстанда 1-апрелден тарта карантиндик чектөөлөрдү күчөтүү чечими кабыл алынды. Бул үчүн өлкөнүн коронавируска каршы күрөшүү комиссиясы атайын алгоритм иштеп чыккан.

Документке ылайык, 1-апрелден тарта Өзбекстанда 100дөн ашык адамга той же башка маараке өткөрүүгө чектөө киргизилет. Катышкандар карантин эрежелерин толук сактоого милдеттүү.

Театр, кинотеатр жана концерттик залдарга 50%га чейин гана көрүүчү киргизилет. Алардан аралыкты сактап, беткапчан жүрүүсү талап кылынат.

Башка өлкөлөрдөгү эпидемиялык кырдаалды эске алуу менен, бийлик өзбекстандыктарды жеке жоопкерчиликти арттырууга чакырган.

Copyright © 2017 Maral FM