Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Өзбекстандын Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы менен жолукту

Кыска кабар | 21 Сен 2021 | 506 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-сентябрда өлкөгө расмий сапары менен келген Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолукту. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Тараптар парламент аралык жана регионалдык эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашты.

Садыр Жапаров белгилегендей, быйыл Кыргызстан менен Өзбекстан эгемендигинин 30 жылдыгын белгилөөдө. Буга байланыштуу ал Өзбекстан элин бул маанилүү окуя менен куттуктады.

Танзила Нарбаева Кыргызстанда Садыр Жапаровдун бардык тармактарда жүргүзүп жаткан реформаларынын натыйжасында болуп жаткан жакшы өзгөрүүлөрдү белгиледи.

Ал Өзбекстандын парламенти үстүбүздөгү жылдын мартында Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө кол коюлган макулдашуулардын ишке ашуусуна ар тараптуу көмөк көрсөтөрүнө ишендирди. Анын айтымында, мамлекеттик сапардын жүрүшүндө биргелешкен күн тартибиндеги бардык актуалдуу маселелерди чечүүгө мүмкүн болду.

Жолугушуу соңунда Садыр Жапаров Танзила Нарбаевадан Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге жылуу салам айтууну өтүнүп, ошондой эле боордош өзбек элине тынчтык, бакубат жашоо жана мындан аркы гүлдөп өнүгүү каалады.

Copyright © 2017 Maral FM