Биз менен байланышыңыз

Пашинянга жоокердин мүрзөсүнө гүл коюуга жол берилген жок

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Апр 2021 | 961 | 0

Тоолуу Карабахта согушта курман болгон жоокердин тууганы премьер-министр Никол Пашинянга жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар коюуга уруксат берген жок. Бул тууралуу NEWS.am маалымдады.

«Бул менин инимдин мүрзөсү. Мен сага уруксат бербейм. Менин буга укугум бар», — деди Пашинянга жоокердин тууганы.

Кийинчерээк Пашинян кайрадан жоокердин мүрзөсүнө келип, тууганы менен сүйлөшүүгө аракет кылган. Ал бир дагы мамлекеттик кызматкер бир тууганынын сөөгүн табууга жардам бербегенин, тескерисинче ага тоскоолдук кылганын айтты.

Андан соң премьер-министр кишиге ден-соолук каалап, көрүстөндөн чыгып кетти.

Көрсө, каза болгон жоокер ал кишинин күйөө баласы экен.

Окуя Пашинян Тоолуу Карабах согушунда курман болгон аскерлердин мүрзөсүнө гүл коюу үчүн келгенде болгон.

Copyright © 2017 Maral FM