Биз менен байланышыңыз

Никол Пашинян коронавирус жугузуп алды

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Июн 2020 | 601 | 0

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян коронавирус жугузуп алды. Бул тууралуу саясатчы өзүнүн Facebook баракчасында жарыялады.

Видеодо Пашинян аскер бөлүгүнө барганга чейин тесттен өткөнүн, бирок анын сырткы белгилери жок экендигин айтты.

Армениянын премьер-министри жакынкы аралыкта үйүнөн кетпей тургандыгын билдирди. Анын үй-бүлө мүчөлөрү дагы ооруп жатышат. Алардын барында илдеттин тышкы белгилери байкалган жок.

«Азыр баарыбыз курчоого алынганбыз. Мен үйдөн иштейм. Бул жерде бардык шарттар бар» , — деди Армения өкмөтүнүн башчысы.

Пашинян вирусту официанттан жугузуп алганы болжолдонууда.

«Мен анын кол капсыз иштеп жаткандыгын байкап, ага эскерткем. Бирок мен анын ар дайым кол капсыз иштей турганын билген эмесмин. Ал коронавирус жуктуруп алган», — деди ал.

Пашинян бүгүн, 1-июнда, 45 жашка толду.

Copyright © 2017 Maral FM