Биз менен байланышыңыз

Президент ЖЕЭКтин видео-конференция түрүндөгү жыйынына катышат

Кыска кабар | 19 мая 2020 | 754 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-майда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) видео-конференция форматындагы кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Беларусиянын төрагалыгы астында өтө турган кезектеги жыйында евразия интеграциясын тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери, аны жакынкы жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары жана башкалар каралат.

ЖЕЭК мүчөлөрү — президент Сооронбай Жээнбеков, Беларусия президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын президенти Владимир Путин, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян.

ЖЕЭК жыйынына ошондой эле байкоочу өлкө башчысы катары Молдованын президенти Игорь Додон катышат.

Copyright © 2017 Maral FM